ОшМУда Erasmus+ программалары институционалдык мониторингден ийгиликтүү өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Erasmus+ программалары институционалдык мониторингден ийгиликтүү өттү

Image

Бул тууралуу   Ош мамлекеттик университетине Европалык комиссия жана Европалык аткаруучу агенттиктин билим берүү жана маданият боюнча долбоорунун жетекчиси Мария-Соль Домингес Паррадонун жолдогон катында белгиленет.

Ушул жылдын 11-октябрында долбоордун тиешелүү өкүлдөрү  ОшМУда Erasmus+ программаларынын алкагындагы ишке ашып жаткан эл аралык долбоорлордун катышуусунун жалпы таасирин баалоо, долбоорлордун туруктуулугун камсыз кылган негизги факторлорду аныктоо, долбоорлорду туруктуулугун жакшыртуу боюнча мониторинг жүргүзүшкөн.

Алар Erasmus+ долбоорлору, анын ичинде ОшМУда ишке ашып жаткан TUTORIAL, DERECKA, HARMONEE, BERNICA, DEFA, EPCA, PAWER, Green KG жана KyrMEDU долбоорлору боюнча маалымат алышып, аткарылган иштерди жеринен көрүшкөн.

Комиссиянын катышуусунда «Green KG» долбоорунун алкагында Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда «Санариптик инновациялар борборунун» ачылыш аземи болгон.

Андан сырткары Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда «Green KG» долбоорунун алкагында түзүлгөн «Эко-инновациялар борбору», Ак-Буура кампусундагы медициналык клиникада BERNICA долбоорунун алкагында түзүлгөн «Тамак-аш лабораториясынын» ачылыш аземине катышышкан.

Бул эл аралык долбоорлор университетте заманбап технологияларды жана билим берүүдө инновацияларды колдоого багытталган.

Университет 2015-жылдан бери ишке ашырып келе жаткан 9 долбоордун иши жогору бааланды. Ошондой эле ОшМУнун кызматкерлеринин англис тилин билүү деңгээлин жогорулатуу жана академиялык мобилдүүлүктү арттыруу боюнча сунуштар берилди.

Фото галерея