Бүгүн, 13-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде "Медиа технология өнүккөн доордогу журналистика" деп аталган форум болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген белгилүү журналисттер, окуу жайдын журналистика адистигин аяктаган сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.
Форумду Коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректор Нуржамал Мапаева ачып, кыргыз басма сөзүнүн 100 жылдыгынын мааниси, журналистиканын орду жана кесип ээлеринин коомдогу ролу тууралуу сөз сүйлөдү. Ошондой эле ал ОшМУдан бул адистикти аяктагандар өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы ЖМКларда үзүрлүү эмгектенип келе жатканын белгиледи.
Форумдун коноктору бүгүнкү күндөгү басма сөздүн актуалдуулугу, анын келечеги, жана журналистикадагы технологиялык өзгөрүүлөр тууралуу ой-пикирлерин айтып, студенттерге пайдалуу кеңештерин беришти.
Иш-чаранын алкагында "Кыргыз басма сөзү: кечээ, бүгүн, эртең" аталышындагы студенттер арасында уюштурулган эссе жана видеоролик сынактарынын жыйынтыгы чыкты. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Форум ОшМУнун журналистика кафедрасы тарабынан уюштурулду.