Тамашоу: ОшМУ кубогу-2024 лигасынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Башкы Жаңылыктар

Тамашоу: ОшМУ кубогу-2024 лигасынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Image

ОшМУда жыл сайын өткөрүлүүчү шайыр тапкычтар тамашоу лигасы 13-ноябрда Кыргызстан кинотеатрында болуп өттү. Ага институт, факультет жана коллеждерден куралган он команда катышты. 
Мелдеш эки бөлүктөн туруп, алгач командалар көрүүчүлөргө даярдаган номерлерин тартуулашты. Андан кийин калыстар тобунун суроолоруна жооп беришти. 

Жыйынтыгында биринчи орунду Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун “Элдин кыздары“ командасы алды. Алар “ОшМУ 2024” кубогу жана 15 миң сом менен сыйланышты. Экинчи орунду ээлеген Стем-инновациялык колледжинин “Стем карали” командасы 10 миң сом, үчүнчүнү алган Кыргыз- Кытай факультетинин “Конфуций” командасы жана Тарых жана Юридика институтунун  “Мигрант” командасы 2500 сом алды. Ошондой эле катышуучуларга кызыктыруучу белектер таршырылды. О
Иш чараны ОшМУнун "Girl style" командасы уюштурган. Максаты - студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу, юмордук сезимин өстүрүү, шайырдыкты, тапкычтыкты калыптандыруу. "Бул сынак жыл сайын өткөрүлөт. Быйылкы жылы Ош шаардык мэриясынын жаштар комитети тарабынан уюштурулган “Студ лига” күлкү-шоу долбооруна мыкты командаларды тандап алуу максатында да уюштурулду", - деп белгиледи ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева.

Фото галерея