Эл аралык студенттер күнүнө карата бүгүн, 14-ноябрда окуу жайда кыргыз казак жаштары үчүн кече болуп өттү. Ага кош дипломдуу билим берүү программасынын алкагында Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан студенттер катышты.
Майрамдык кечеде эки элдин достугун даңалаган чакан концерттик программа тартууланды. Иш-чара студенттердин кызматташтыгын арттырып, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө салым кошуу жана эки боордош өлкөнүн орток баалуулуктарын даңазалоо максатында уюштурулган.
Учурда эки окуу жайдын ортосундагы кош дипломдуу билим берүү программасында ОшМУнун 82 студенти билим алууда.