ОшМУнун сапат жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери «Билим берүү мекемелеринде сапатты башкаруу системасын ишке ашыруунун актуалдуу маселелери» аталышындагы тегерек столго катышты.
Жыйында катышуучулар ISO стандарттары, сапатты башкаруу системасынын уюштурулушу жана иштөө принциптери менен таанышты. Ошондой Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда СБСти ишке киргизүүнүн тажрыйбасы да талкууланды. Мындан сырткары алар ОшМУдагы “Окутуучу студенттин көзү” менен анкетирлөөсү, рейтинг методикалык колдонмолордун даярдалышы боюнча айтып беришти.
Талкуу 14-ноябрда Бишкектеги Эл аралык жогорку медицина мектеби тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын кызматкерлери онлайн форматта катышты. Анда ОшМУнун сапат жана методикалык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Мавлюда Розыкова ЖОЖдордо мүмкүн болгон негизги ички жана тышкы тобокелдиктер, аларды минималдаштыруу методдору жана ыкмалары тууралуу баяндама жасады.