Жаш окумуштуулар сынагында ОшМУнун кызматкерлери алдыңкы орундарды багындырды

Башкы Жаңылыктар

Жаш окумуштуулар сынагында ОшМУнун кызматкерлери алдыңкы орундарды багындырды

Image

Билим берүү жана илим министрлигинин жаш изилдөөчүлөр жана окумуштуулар арасында жарыялаган сынагынын жыйынтыгы чыкты. 

Ага ылайык, ОшМУнун кызматкери Шербол  Жапаралиев “Жылдын эң мыкты илимий макаласы” номинациясы боюнча экинчи орунду алды. Ал эми Жайнагүл Абдирасулова “Жылдын мыкты жаш окумуштуусунда” экинчи болду. Ушул эле номинация боюнча Салтанат Алишер кызы үчүнчү, Мээргүл Асаналиева төртүнчү орунду багындырды.

Сынактын жыйынтыгы 14-ноябрда Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөн майрамдык иш-чаранын алкагында угузулду. Жеңүүчүлөргө министрликтин дипломдору тапшырылды.

Сынакка окумуштуулук даражасы бар же жок экенине карабастан 35 жашка чейинки курактагы жаш илимпоздор катышкан.

 

Фото галерея