ОшМУ Синьцзян искусство университети менен меморандумга кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Синьцзян искусство университети менен меморандумга кол койду

Image

Кытайдагы Синьцзян искусство университетинин проректору Цюань Лисинь баштаган делегация бүгүн, 18-ноябрда Ош мамлекеттик университетинде болду. Алар окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек Аттокуров, Педагогика, искусство жана журналистика факультетинин искусство багытындагы кафедра башчылары менен жолугуп пикир алышты.

Жолугушууда Цюань Лисинь университет Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы алдыңкы окуу жайлардын бири экенин, искусство, музыка, дизайн, театр жана маданият тармактарында билим берерин белгиледи. Университетте бакалавриаттан тарта магистратурага чейин түрдүү деңгээлде билим алууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле ал окуу жай чет өлкөлүк ЖОЖдор менен улуттар аралык кызматташтыкка чоң маани берерин кошумчалады.

Иш-сапардын алкагында ОшМУ менен Синьцзян искусство институтунун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Анын алкагында окуу жайлар билим берүү, илим изилдөө, искусство жана маданият багыттарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Мындан тышкары академиялык мобилдүүлүк, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуусу боюнча кызматташат.   

 

Фото галерея