ОшМУда деңгээлдик билим берүү технологиялары боюнча окутуу уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда деңгээлдик билим берүү технологиялары боюнча окутуу уюштурулду

Image

ОшМУнун аспиранттары, магистранттар, педагогика кафедрасынын профессордук-окутуучулук жамааты, кафедра менен келишим түзгөн мектептердин мугалимдери жана студенттерине деңгээлдик билим берүү технологиялары боюнча окутуу уюштурулду. Семинарды аларга  белгилүү балдар жазуучусу, профессор Сулайман Рысбаев өтүп берди. 

Окутуу 24-ноябрда ОшМУда онлайн жана кадимки шартта уюштурулду. Ага окуу жайдын Академиялык иштер жана билим берүү саясатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын жетекчиси Жылдыз Артыкова да катышты.

Иш чарада катышуучуларга педагогикалык ишмердүүлүгүндө деңгээлдик билим берүү технологияларын колдонуу жолдору көрсөтүлдү. Мындан сырткары билим берүү процессин ар бир билим алуучуга ылайыкташтырып, алардын деңгээлин максималдуу ачууга шарт түзүү боюнча кеңештер берилди.

Окутууну ОшМУнун педагогика кафедрасынын башчысы Гулмира Жутанова демилгелеген.


 

Фото галерея