Кыргыз-кытай факультетинин окутуучусу Зияулхак Мухтар уулу “Кытай тилин окутуу” боюнча эл аралык сынактын финалдык баскычына өттү. Алгачкы туру октябрда болгон. Ага Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда кытай тилинен сабак берген 15ке жакын окутуучу катышты.
Сынакта катышуучулар видео-сабак өтүп беришкен. Аны Кытай мамлекетинин Пекиндеги комиссиясы карап чыккан. Жыйынтыгында Кыргызстандан үч окутуучу финалга жолдомо алды. Аталган сынак Кытайдын Конфуций институтунун “Кытай тилин окутуу жана кызматташуу” уюму тарабынан уюштурулган.
Мелдештин финалдык баскычы 28-29-ноябрда Тажикстандын Тажик улуттук университетинин Конфуций институтунда өтөт.