Бүгүн, 29-ноябрда ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда «Түрк элдеринин тилинин жана адабиятынын актуалдуу маселелери» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Иш-чара Кара-Кыргыз автономдук облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата студенттер арасында уюштурулган.
Ага Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын студенттери жана илимий жетекчилери келген. Катышуучулар түрк тилдеринин жана адабиятынын маселеси боюнча баяндама жасап, талкуу жүргүзүшөт. Иш-чара кадимки шартта жана онлайн өтүүдө.
Конференцияга Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу жана Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинин өкүлдөрү, институттун окутуучулары, студенттер катышууда.
Эл аралык иш-чараны уюштуруу түрк элдеринин тилинин жана адабиятынын актуалдуу маселелерин талкуулоого, студенттердин илимий изилдөө иштерин алдыга жылдырууга багытталган.