Табигый илимдер, дене тарбия, туризм жана айыл чарба технологиялары институтунун окутуучулары Зубайда Шербаева, Ибраим Полотов, Насира Кочконбаева, Чынара Кошназарова жана Умида Исакова Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинде болушту.
Алар аталаган окуу жайдын Табигый илимдер факультетинде студенттерге конок лекцияларды өтүштү. Окуулар күкүрт кислотасынын алынуу жолдору, минералдык жер семирткичтердин технологиясы, Кыргызстандын физикалык-географиялык абалы, рельефи, климаты жана жаратылыш ресурстары темасында болду. Ошондой эле окутуучулар түштүк Америка материгин физикалык географиялык райондоштуруу, адам физиологиясын окутууда жасалма акылдын ролу боюнча да тажрыйба бөлүштү.
Окутуучулар коңшу өлкөгө академиялык мобилдүүлүк программасынынын алкагында барышкан. Иш сапар педагогикалык жана илимий тажрыйба алмашуу, билим берүү мекемелеринин ортосундагы академиялык байланыштарды чыңдоого багытталган.