ОшМУнун окутуучусу жана студенттери эл аралык форумга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу жана студенттери эл аралык форумга катышты

Image

Жыйырма өлкөнүн билим берүү, илим, маданият тармагындагы 200дөй жаштары Биринчи түрк дүйнөсүнүн жаштар форумуна чогулуп, “Билим - Бириктирет” деген ойдун алдында пикир алмашты. Иш чара 20-24-ноябрь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында болду. 

Ага ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин финансы жана банк иши бөлүмүнүн окутуучусу Чолпонай Муратова, студенттерден Жоогазын Акматбек кызы, Айзирек Бокижанова да катышты.

Форумда бүгүнкү глобалдуу дүйнөдөгү түрк дүйнөсүнүн орду, жасалма интеллект, креативдүү маданият, миграция, баалуулуктар менен маданий мурастар боюнча панелдик талкуулар уюштурулду. Катышуучулар көз караштарын бөлүштү. Ал эми Нобель сыйлыгынын лауреаты, окумуштуу Азиз Санжар, түркиялык жазуучу, кинодраматург Искендер Пала жана Кыргыз Республикасынын баатыры Алиясбек Алымкулов жаштарга мотивациялык маалыматтарды беришти. 

Иш чараны Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университети менен Алматы креатив технология паркы демилгелеген.

 

Фото галерея