ОшМУнун Өзгөндөгү колледжинде Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун Өзгөндөгү колледжинде Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Image

9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган иш-чара ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде уюштурулду.

  Анда студенттер “Кыргызстан согуш жылдарында”, “Бабалар дайым бааланат”, “Энелердин эмгеги эскирбейт” деген темаларды талкуулап, “Мекеним жүрөгүмдө” деген темада сүрөт тартышты.

Иш-чарага активдүү катышкан студенттер окуу жайдын белектери менен сыйланышты.

 Согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо максатындагы  кечелер окуу жайда байма-бай өтүп турат.

Фото галерея