29-ноябрда Санкт-Петербург шаарынын Таврич сарайында Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн жүз жана Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Ага Кыргызстан жана Орусиянын коомдук ишмерлери менен илимпоздору, ошондой эле Санкт-Петербург жана Ленинград облусундагы кыргызстандыктар катышты.
Конференцияга легендарлуу парламенттин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры наамын алган Медеткан Шеримкулов да катышты. Ал жаштарга өлкөнүн тарыхын жакшы билип, Орусия менен болгон мамилелерди чыңдоо зарылдыгын белгиледи.
Иш чарага Иманалы Айдарбековдун небереси, анын ысымын алып жүргөн коомдук фонддун президенти Зифаргуль Айдарбекова, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков жана кыргызстандык тарыхчы, илимпоздор да катышты. ОшМУнун профессору Байболот Абытов пленардык жыйында баяндама жасады.
Мындан тышкары Иманалы Айдарбеков тууралуу «Биринчи» аттуу китеп тааныштырылып, анын авторлору Зайнидин Курманов, Арслан Койчиев, Байболот Абытов жана Нурбек Сатвалдиев келди. Иш-чарада сүрөт көргөзмө уюштурулду. Елена Кротованын да эмгектери коюлду.
Иш сапардын алкагында ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун "Чыгыш кол жазмалары жана мурастары" фондунун жетекчиси Байболот Абытов Санкт-Петербург шаарындагы Орусия илимдер академиясынын Чыгыш кол жазмалары институтунда болду. Анда тараптар эки жана көп тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.
Иш-чараны Жогорку Кеңеш, КМШ парламентттер аралык Ассамблеясынын секретариаты жана Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу уюштурган.