Маяна, окуу акысы, ижара. Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйынында кайсы маселе каралды?

Башкы Жаңылыктар

Маяна, окуу акысы, ижара. Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйынында кайсы маселе каралды?

Image

Бүгүн, 2-декабрда Ош мамлекеттик университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Ага төрага Балтагул Нурунбетов жана кеңештин мүчөлөрү, университеттин структура жетекчилери, тиешелүү кызматкерлер катышты. 

Жыйында айрым категориядагы жана арыз менен кайрылган студенттерге окуу акысынан жеңилдик берүү жана “Альфа Телеком”, “Скай Мобайл” ЖЧКсына жер тилкелерин ижарга берүүгө уруксат берүү маселеси каралды. Бул мекемелер бөлүнгөн участокторго Ош аймактык бөлүмдөрүнүн санариптештирүү багытындагы базалык станцияларын орнотушат.  

Жыйында окуу жайдын Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан архивдик документтерин сактоочу жайды башка имаратка которуу чечилди. Мындан сырткары үстүбүздөгү жылдын 1- ноябрынан 2024-2025 окуу жылына ОшМУнун жалпы кызматкерлеринин маянасына үстөк акыларды кошуу, сый акы берүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле “ОшМУ-Алдиер” кесипкөй футбол клубунун 2024-2025 окуу жылына түзгөн сметасы бекитилди.

 

 

Фото галерея