Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасына ылайык Ош мамлекеттик университетинин психология кафедрасынын башчысы, психология илимдеринин доктору Акчач Жолдошева баш болгон психологдор тобу Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагындагы "Кенжетай-1" мектепке чейинки билим берүү уюмуна барып, жабыркаган тарбиячылар, балдар жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүп, аларга жакындан жардам беришти.