Түркиянын Памуккале университетинде мобилдүүлүк программасы менен билим алып жаткан ОшМУнун теология факультетинин студенттери волейбол боюнча өткөн мелдеште биринчи орунду алышты. Спорттук иш-чара Денизли шаарынын Серинхисар аймагында өткөн.
Регионалдык лигага жалпысынан 20дан ашуун команда катышкан. Алардын арасында профессионалдык деңгээлдегилери да бар. Бир нече күнгө созулган оюнда ОшМУнун студенттери активдүүлүгүн көрсөткөн.
Памуккале университетинде ОшМУнун Медицина факультетинин төрт, Теология факультетинин 26 студенти билим алууда. Былтыр 30га жакыны чакыртылган.