ОшМУнун студенттери Мадина Бакытбек кызы, Сейил Шарипбай кызы жана Темирлан Нурбеков тогуз коргоол боюнча Азия кубогуна катышып, үчүнчү орунду багындырды. Оюн 1-5-декабрь күндөрү Казакстандын Түркстан облусунда өттү.
Студенттерди мелдешке факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын улук окутуучусу Мирбек Рахманов даярдаган.
Учурда ОшМУда тогуз коргоол боюнча атайын секция иш алып барат. Тарбиялануучулар дүйнөлүк, республикалык жана регионалдык чемпионаттарга катышып, байгелүү орундарды ээлеп келет.