ОшМУ менен Урал медициналык университетинин кызматташтыгынын жаңы багыты талкууланды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ менен Урал медициналык университетинин кызматташтыгынын жаңы багыты талкууланды

Image

ОшМУнун үч окутуучусуАйгүл Момунова, Гавхарой Умурзакова жана Самат Турдалиев Орусияда тажрыйба алмашып келди. Алар 2-декабрдан 7-декабрга чейин Урал мамлекеттик медициналык университетинде болушкан. 

Окутуучулар Урал мамлекеттик медициналык университетинин жетекчилиги менен жолуккан. Тараптар эки окуу жайдын кызматташтыгынын жаңы багыттарын, алакаларды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан. ОшМУ боюнча маалымат берилип, видео ролик көрсөтүлдү. 

Ошондой эле делегация университеттеги окуу процесси жана изилдөө иштери менен таанышты. Заманбап лабораториялар, клиникалык базаларды көрүп чыгышкан. Мындан сырткары окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Кызматтык сапар ОшМУ менен УГМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында ишке ашты. 

Фото галерея