Орусия: ОшМУнун командасы эл аралык олимпиадада биринчи орунду алды

Башкы Жаңылыктар

Орусия: ОшМУнун командасы эл аралык олимпиадада биринчи орунду алды

Image

Новосибирск мамлекеттик университетинде өткөн эл аралык олимпиадада ОшМУнун Медицина факультетинин студенттеринен куралган "Vit'oss" командасы биринчи орунду алды.

Олимпиада хирургия жана морфология багыттары боюнча болду. Жалпы 10 команда катышып, алар жаныбарлардын органдарына лапароскоп аппаратынын жардамында операция жасашты. 

ОшМУнун командасын Медицина факультетинин травматология соттук медицина жана нур диагностика кафедрасынын башчысы Таалайбек  Сейитбеков жана окутуучу Бектур Эркинали уулу даярдап, алып барган. 

Мелдеш 4-6-декабрь күндөрү III эл аралык "Морфология жана Хирургия" форумунун алкагында уюштурулду. Иш чара "Морфологиялык илимдер – медицинанын негизи" деген ураан алдында өткөн

 

Фото галерея