ОшМУ Донгук университети менен медицина багытында кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Донгук университети менен медицина багытында кызматташат

Image

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Кореяда иш сапарда жүрүшөт. 11-декабрда алар Сеул шаарындагы Донгук (Dongguk) университетинде болушту. Жолугушууда медициналык билим берүүнү өнүктүрүү, клиникалардын кызмат көрсөтүү деңгээлин жакшыртуу, тажрыйба алмашуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттарында кызматташуу боюнча пикир алышты.

Андан кийин Донгук университетинин клиникасынын президенти Че Сук Ли менен Кудайберди Кожобеков меморандумдун алкагында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту. Документ ОшМУнун медициналык клиникасына акыркы технологияларды, илимий изилдөөлөрдү жана тажрыйба алмашууларга көмөктөшүүнү максат кылат.

Ушул жылдын 5-ноябрында Донгук университетинин медициналык борборунун өкүлдөрү ОшМУга келишкен. Алар окуу жайдын медициналык клиникасы, Ош шаардык оорукананын ордуна жаңы курулуп жаткан жети кабаттуу оорукана, медициналык кампус, лабораториялар менен таанышкан. Иш сапардын алкагында медициналык билим берүү, кызмат көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Донгук университетинин клиникасы Кореядагы белгилүү медициналык мекемелердин бири болуп саналат. Борбор Сеул шаарында жайгашып, медицина факультетинин билим берүү жана изилдөө базасы катары кызмат кылат. 

 

 

Фото галерея