19-декабрда Бишкекте Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Кавамото Хироюки жана ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков SATREPS долбоорун алкагында Кыргызстанда абанын сапатын жакшыртуу жана калктын ден соолугун коргоо максатын көздөгөн долбоорду каржылоо боюнча ведомстволор аралык келишимге кол койду.
Келишимге Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги да кол койду.
SATREPS – жапониялык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы алгачкы масштабдуу долбоор. Документ абанын сапатын көзөмөлдөөнүн улуттук тармагын жакшыртууга жана кир абанын элдин ден соолугуна, экономикага тийгизген таасирин изилдөөгө багытталган. Ошондой эле саламаттыкты сактоо системасындагы адамдык, техникалык потенциалды жана билимди чыңдайт.
Долбоор Токио илим университети, Ош мамлекеттик университети, JICA жана башка негизги улуттук жана эл аралык өнөктөштөрдүн узак мөөнөттүү кызматташуусунун натыйжасында ишке ашууда. Анын алкагында окуу жайдын базасында абанын булганышын изилдеген мекемелер аралык борбор (IRCAPS) түзүлөт. Аны Жапония каржылап, керектүү каражаттар менен камсыздап берет. Борбордо кир абанын ден соолукка зыяндуулугу изилденет. Мындан тышкары ОшМУда Дата борбор курулуп, маалыматтык база топтолот.