Ош шаарындагы №18 А.Навои атындагы жана Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектептеринин 9-10-11-класстарынын окуучуларына “дары” наркоманиясы боюнча окутуу болду. Анда өспүрүмдөргө анын ден соолукка тийгизген кесепети жана алдын алуу жолдору түшүндүрүлдү.
Иш чара аталган мектептерде 11-12-19-декабрда уюштурулду. Тренингди окуучуларга ““Дары” наркоманиясына каршы күрөш: Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн чараларды иштеп чыгуу” долбоорунун жетекчиси Аманай Акматова, долбоордун эксперти Диларам Мадаминова өтүп берди. Жыйында «Мыкты сүрөт», “Мыкты эссе” сынактарынын жеңүүчүлөрү да аныкталды.
Долбоор Ош мамлекеттик университетинин доценти Аманай Акматованын жетекчилигинде ишке ашууда. Илимий изилдөө “дары” наркоманиясын алдын-алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча натыйжалуу чаралардын комплексин иштеп чыгууну көздөйт.
Буга чейин долбоордун өкүлдөрү калаадагы Макаренко, Киров атындагы орто мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Мындан тышкары Баткенде да окутуулар уюштурулган.