ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу бүгүн, 23-декабрда башталды. Кабыл алуу ЖРТнын жыйынтыктары боюнча конкурстун алкагында төрт турда өтөт.
Турлардын графиги https://edu.gov.kg/ сайтына жайгаштырылган. 2024-жылы өткөрүлгөн ЖРТнын жыйынтыктары кышкы кабыл алуунун алкагында сынакка катышуу үчүн жарактуу.
Кышкы кабыл алуу учурунда кабыл алуу эрежелери жайкы кабыл алуу менен бирдей.
Кышкы кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинин негизинде жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу абитуриенттерди окуу акысын төлөө келишими (контракт) боюнча орундарга гана тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.
ЖРТнын жыйынтыгы боюнча кышкы кабыл алуу үчүн ЖОЖдордун жана багыттардын тизмеси https://2020.edu.gov.kg/ сайтына жайгаштырылды. Ал эми чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын ЖОЖдоруна кабыл алуу https://edugate.edu.gov.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.
Порталда өзүнүн жеке кабинетин каттоо жана ачуу, ошондой эле конкурстук тандоого катышуу боюнча нускама https://2020.edu.gov.kg/ сайтына жайгаштырылган.