ОшМУнун доценти биологиядагы жетишкендиктер боюнча эл аралык конференцияга катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун доценти биологиядагы жетишкендиктер боюнча эл аралык конференцияга катышты

Image

 

"ACB-2024: Биологиядагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр" аталышындагы XII эл аралык конференция 16-20-декабрь күндөрү Азербайджандын Баку шаарында өттү. Анда ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын доценти Болотбек Каримов "Кыргызстандын суу өсүмдүктөрүнүн биоэкологиясы" боюнча илимий баяндама жасады.

Ошондой эле ал иш сапардын алкагында Баку мамлекеттик университетинин Биология факультетинин кафедралары менен биргеликте илимий изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча макулдашты. Мындан сырткары Пакистандын Каид-и-Азам университетинин профессору Мухаммад Зафар менен чогуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, макала жарыялоо боюнча сүйлөшүлдү. 

Мухаммад Зафар – илимий макалаларынын шилтемеси 13 миң, индекс Хиршасы 60 болгон белгилүү профессорлордун бири.  

Конференцияга Пакистан, Түркия, Орусия, Казакстан, Өзбекстандан окумуштуулар катышты. Уюштуруучу болгон Баку мамлекеттик университети QS (World University Rankings) дүйнөлүк рейтинги боюнча 951-орунда турат.

 

Фото галерея