Жаңы жылга карата Ош шаардык жаштар комитети уюштурган жыл мыктыларын тандоодо ОшМУнун "Үмүт" телестудиясынын кабарчысы Мээрим Айтмаматова "Жылдын мыкты жаш журналист айымы - 2024" ардактуу наамы менен сыйланды.
Сыйлыкты калаа башчысы Бакытбек Жетигенов Жаңы жылдык балда тапшырды. Наам Айтмаматовага Ош шаарынын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы, кесиптик ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктери жана массалык маалымат каражаттарынын өсүшүнө кошкон салымы үчүн берилди.
Иш-чаранын алкагында 30 номинация боюнча өткөрүлгөн “Жыл мыктылары” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып, концерттик, оюн-зоок программа тартууланды.
Мээрим Айтмаматова “СтудЛайф” студенттик программасынын, “Стартап” бизнес долбоорлор программасынын,“Сиз билесизби?” рубрикасынын жана “Үмүт” подкастынын автору.