“Ыйман” билим берүү уюму бөбөктөрдү кабыл алууда 

Башкы Жаңылыктар

“Ыйман” билим берүү уюму бөбөктөрдү кабыл алууда 

Image

Ош мамлекеттик университетинин “Ыйман” мектепке чейинки балдарга билим берүү уюму эки жаштан алты жашка чейинки бөбөктөрдү кабыл алууда.

Уюм Ош шаарынын Манас-Ата (ХБК) кичи шаарчасынын Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан. Кабыл алуу электрондук болуп, “Катталуу” шилтемеси аркылуу жүргүзүлүүдө. 

Мекемеде жеткинчектер орус тили жана көп тилдүүлүккө басым жасалып тарбияланып, окутулат. Андан сырткары балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен англис, арап, түрк тилдери үйрөтүлөт. Ал эми жогорку жана мектепке даярдоочу тайпаларда кыздар үчүн хореография, балдарга самбо ийримдери иштейт.

 

Фото галерея