20-январда Чыгыш таануу институтунда студенттерге укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.
Катышуучуларга Кыргызстандын укук коргоо жаатындагы мыйзамдары, кылмыш жоопкерчилигине тартуу шарттары жана жазалардын түрлөрү тууралуу маалыматтар берилди. Өзгөчө жаштар арасында кеңири тараган кылмыштар, анын ичинде "бейбаштык", "адам өлтүрүү", "зордуктоо", "үй-бүлөлүк зомбулук", "кыз ала качуу" жана "терроризм" сыяктуу кылмыштардын мисалдары келтирилди. Алардын кесепеттери айтылды.
Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексиндеги "коррупция", "пара талап кылуу", "пара берүү" жана "парага ортомчулук кылуу" беренелерине кирген жаңы өзгөртүүлөр жөнүндө сөз болду.
Медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча талаптарды кеңири түшүндүрүп, студенттер арасында камсыздандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
ОшМУнун коопсуздук кызматы университет ичиндеги жүрүм-турум эрежелери жана тартип бузууларга жол бербөө чаралары боюнча айтты. Институт жетекчилери менен кураторлорго тарбиялык жана дисциплинардык чараларды күчөтүү сунушталды. Коомдук тартипти бузгандарга карата окуу жайдан чыгарууга чейинки катуу чаралар көрүлөрү айтылды.