21-январда Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары Гулбара Осекова, Санайым Тажикбаева жана Гүлсүн Токторбаева Өзбекстандын Фергана мамлекеттик университетинде илимий тажрыйба алмашты.
Алар табигый илимдер факультетинде болуп, материалдык-техникалык базалары менен жакындан таанышты. Конденсирленген абалдын физикасы багытындагы изилдөөлөр боюнча аткарылып жаткан кандидаттык диссертациянын илимий иштери менен иштешип, эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүштү.
Натыйжада тараптар эки окуу жайдын ортосунда илимий-изилдөө иштерин биргелешип жүргүзүү боюнча макулдашты.
Аталган изилдөөчүлөр профессор Ысламидин Ташполотовдун жетекчилиги астында илимий иштерин жасоодо.