ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистика институтунда жергиликтүү табигый чийки заттан жаңы дизайндагы кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоо боюнча окутуу башталды.
Тренинг эки күн болот. Ага 45 жашка чейинки 30 кол өнөрчү катышып жатат. Окутууну дизайнер, Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучуусу Зуура Турдубаева өткөрүүдө.
Жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстандын салттуу кол өнөрчүлүгүн заманбап дизайн менен айкалыштырууну өздөштүрөт. Аны менен катар эле туристтер үчүн жагымдуу, улуттук колориттеги сапаттуу буюмдарды жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Иш-чара атайын долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө. Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин Ош шаары боюнча вице-президенти Шарипа Ташкулованын айтымында, долбоорго өлкөнүн жети облусунан жана эки ири шаарынан 400 кол өнөрчүнүн катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле атайын сынактар уюштурулат. Жеңүүчүлөргө Кореядан билим алып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
“Бул долбоор жергиликтүү чийки заттарды колдонуп, туристтерге ылайыктуу сапаттуу буюмдарды жасоого багытталган. Быйыл сентябрь айында сегиз кол өнөрчү Кореянын Чонджу шаарында үч айлык окуудан өттү. Эми бул мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстандын бардык аймактарына жеткирүүнү көздөп жатабыз”, – деди Ташкулова.
Долбоор Корея менен кызматташтыкта ишке ашырылып жатат. Демилге Кыргызстандын кол өнөрчүлүк тармагын өнүктүрүү менен бирге өлкөнүн туристтик потенциалын арттырууга салым кошууну көздөйт.