ОшМУнун чет тилдер бөлүмүнүн студенттери англис тили боюнча тилдик деңгээлин жакшыртып, лидерлик, командалык иш, эркин сүйлөө жана эмоционалдык интеллект боюнча тажрыйбаларын кеңейтишти. Ал үчүн Филология жана маданият аралык коммуникация институту 23-январдан 25-январга чейин кышкы тилдик лагерь уюштурду.
Иш-чаранын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү студенттерге экстремалдуу кырдаалдарда туура иш-аракет жасоо боюнча маалымат беришти. Ал эми психолог арт-терапия сеансын өткөрүп, алардын эмоцияларын таанып билүү жана чыгармачылык жөндөмүн бышыктады.
Факультеттин англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы тарабынан уюштурулган лагерь социалдык долбоор катары ишке ашты. Ага бөлүмдүн 1-курсунун студенттери катышты.