ОшМУда факультеттер аралык “STUD Talant” ыр сынагынын финалы өттү. Иш чара Рыспай Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулуп, ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева ачып берди. Ал жаш таланттарга ийгилик каалады.
Финалдык баскычта беш студент биринчилик үчүн ат салышты. Жыйынтыгында Педагогика, искусство жана журналистика институтунун 4-курсунун студенти Элдос Анашев баш байгени жеңип алды. Ал эми экинчи орунду аталган факультеттин 3-курсунун студенти Эмилия Мыктарова, үчүнчүнү 2-курстун студенти Аишабүбү Тойчубекова ээледи. Жеңүүчүлөр долбоордун атайын статуэткасы, кызыктыруучу белектер, дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланды.
Таланттарды тандоодо белгилүү обончу, аткаруучулар, эстрада ырчылары калыстык кылышты.
Ыр сынак окуу жайдагы студенттерге моралдык дем берүү жана эстетикалык табитин арттыруу, таланттуу студенттерди табуу жана аларды коомчулукка даңазалоо, өз ара ынтымагын, достугун арттыруу максатында уюштурулган. Долбоор салтка айланып, быйыл экинчи ирет өткөрүлдү.