
10-февралда Ош мамлекеттик университети менен Башкырстандын Уфа мамлекеттик мунай техникалык университети кызматташуу келишимине кол койду. Келишим ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын аталган окуу жайдын жетекчиси Олег Баулин менен жолугушуусунда жетишилди.
Документте студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздорунун биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу долбоорлору каралган.
ОшМУнун делегациясы Уфа мамлекеттик мунай техникалык университетинин окуу лабораториялары, билим берүү үчүн түзүлгөн материалдык техникалык базасы менен да таанышты.
Ушул күндөрү ректор Кудайберди Кожобеков, Медицина факультетинин Базалык жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы Ибрагим Атабаев, Фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия кафедрасынын башчысы Жекшен Маматов Башкырстандын Уфа шаарында жүрөт. Иш-сапардын алкагында алар бир нече ЖОЖдордо болуп, келишимдер түзүлөт.