Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата 20-февралда ОшМУда чет тилдер борбору тарабынан “Брейн-ринг” акыл таймашы уюштурулду. Ага окуу жайдын институт, факультет, колледждеринен 16 команда катышты.
Күйөрмандарга эл аралык эне тили күнүнүн келип чыгуу тарыхы, дүйнө тилдердери, эне тил боюнча кыргызча көөнө жана учкул сөздөр, мамлекеттик тил мыйзамы боюнча түзүлгөн 35 логикалык суроо берилди.
Жыйынтыгында 1-орунду Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун «Аура+» командасы ээледи. 2-орунду Филология жана маданият аралык коммуникация институтунан «Шерлок Холмс», 3-орунду Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун «Интеллект» командасы жеңип алышты. Алар диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Мындан тышкары билим деңгээли жана тапкычтыгы менен айырмаланган оюнчуларга «Мыкты оюнчу», «Жаш филолог», «Акыл кара чач», «Дилгир студент», «Акылкөй студент» деген номинациялар ыйгарылды. Оюнду кыргыз жана орус тилдеринде Чет тилдер борборунун директору Семетей Амиралиев алып барды.
“Акыл таймашы студенттердин тилдер боюнча дүйнө таанымын кейтүү, алардын өз эне тилин сыйлап-кадырлоосуна түрткү берүү, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Билимдүүлөр жарышын өткөрүүгө университеттин кесиптик бирлиги колдоо көрсөттү”, -деди Семетей Амиралиев.