“Биз коррупцияга каршыбыз!” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Башкы Жаңылыктар

“Биз коррупцияга каршыбыз!” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Image

ОшМУда бүгүн, 28-февралда “Биз коррупцияга каршыбыз!” аталышындагы факультеттер аралык видео-ролик сынагынын жыйынтыгы чыкты. 

Сынакка жалпысынан 23 топ катышып, алардын арасынан алтоо эң мыкты деп табылган. Жыйынтыгында биринчи орунду ээлеген Педагогика, искусство жана журналистика институтунун Киноакадемиясы 5000 сом, экинчини алган Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин эл аралык мамилелер бөлүмү 3000 сом, үчүнчү орунду ээлеген Индустриялык- педагогикалык колледжи, Тарых жана юридикалык институтунун студенттери 2000 сомдон алышты. Жеңүүчүлөргө Кесиптик бирликтин акчалай сыйлыктары, Студенттик акыйкатчы аппаратынын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.  

Сынакты  окуу жайдын Акыйкатчы аппараты жемкорлукка каршы күрөшүү жана алдын алуу багытында жүргүзүлүп жаткан иш чаралардын алкагында уюштурду.

Фото галерея