Айымдардын майрамына арналган волейбол башталды

Башкы Жаңылыктар

Айымдардын майрамына арналган волейбол башталды

Image

ОшМУнун кесиптик бирлиги 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата салтка айланган волейбол мелдешин өткөрүүнү баштады.

Мелдешке институт, факультеттерден 18 команда, колледж, лицейлерден алты команда катышууда. Байге фонду – 60 миң сом. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан диплом, кубок, акчалай сыйлыктар каралган. 

Спорттук иш-чара 6-мартка чейин уланат. Мелдеш профессордук-окутуучулук курамдын ортосундагы достукту чыңдоо, ынтымакты бекемдөө максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

 

Фото галерея