Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Кыргыз премьер-лигасынын оюндары бүгүн, 4-мартта расмий башталды.
Алгач “ОшМУ” менен “Дордой” беттешип, оюн тең чыгуу менен аяктады. Эми 9-мартта “ОшМУ” Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы менен ойнойт.
Быйылкы сезондо чемпиондук үчүн 14 команда ат салышууда.
“ОшМУ” футбол командасы 2024-жылы Кыргызстандын Премьер-лигасында 10 команданын ичинен жетинчи орунга ээ болгон. Ошондой эле Кыргызстандын кубогунда татыктуу оюн көрсөтүп, жарым финалга чейин жеткен