5-мартта Ош облустук Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде ОшМУнун Педагогика, искусство жана журналистка институтунун окутуучулары Кимия Торогелдиева, Рахима Абдырасулова, Акинай Кушбакова жана Жаңылай Уруксатбек кызынын «Жаз жүзү» аттуу көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмө 8-март – Аялдардын Эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Анда живопись, графика, инсталляция, элдик кол өнөрчүлүк жана санариптик искусство багытындагы эмгектер коюлган. Ар бир чыгарма аялдар, алардын жашоосу, күрөшү жана жеңиштери тууралуу уникалдуу окуяны баяндап берет.
“Жаз жүзү” көргөзмөсү – бул жөн гана маданий иш-чара эмес, искусстводогу аялдарды таануу жана колдоо багытындагы маанилүү кадам. Көргөзмөдөгү көркөм чыгармалар алгачкы жолу коюлуп жатат.