ОшМУда айымдардын майрамы белгиленди

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда айымдардын майрамы белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата  окуу жайда эмгектен айымдарга арналган майрамдык кече, сыйлоо аземи болуп өттү.

Кечеде ректор К.Кожобеков университеттин өсүп-өнүгүүсүндө жамааттагы айымдардын орду эбегейсиз экендигин белгиледи. Ар бир айымга чың ден соолук, кажыбас кайрат, иштеринде чыгармачылык эргүү, үй-бүлөсүнө бакыт каалады.
ОшМУнун өсүп-өнүшүнө өз салымдарын кошуп, студенттерге татыктуу билим-тарбия берип үзүрлүү эмгектенип келе жаткан 200гө жакын айымдарга ОшМУнун "Эмгек сиңирген ишмери" төш белгиси, Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары, алкыш баракчалары тапшырылды.

Иш-чара майрамдык маанай тартуулаган концерттик программа менен коштолду.

Бул тууралуу ОшМУнун “Үмүт” телестудиянын чыгарылышында баяндалат.

Фото галерея