Айымдардын майрамына арналган волейбол мелдешинин жеңүүлөрү аныкталды

Башкы Жаңылыктар

Айымдардын майрамына арналган волейбол мелдешинин жеңүүлөрү аныкталды

Image

ОшМУнун кесиптик бирлиги 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата салтка айланган волейбол мелдешин өткөрдү.

Мелдешке институт, факультеттерден 18 команда, колледж, лицейлерден алты команда катышты. Жыйынтыгында Кыргыз-Кытай факультети биринчи орунду, Медицина факультети экинчини, Экономика, бизнес жана менеджмент институту үчүнчү орунду ээледи.

Колледж, лицейлерден Индустриалдык-педагогикалык колледжи 1-орунду, STEM инновациялык колледжи 2-орунду, Финансы-юридикалык колледжи 3-орунду жеңип алды.

Мелдештин байге фонду – 60 миң сомду түздү. Жеңүүчүлөргө диплом, кубок, акчалай сыйлык тапшырылды.Сыйлоо аземи 6-мартта айымдардын майрамына карата уюштурулган иш-чарада тапшырылды. Иш-чара профессордук-окутуучулук курамдын ортосундагы достукту чыңдоо, ынтымакты бекемдөө максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

 

Фото галерея