Университеттеги бизнес-инкубатордун ачылышынын алкагында бизнес насаатчылар студенттердин көргөзмөсүнө күбө болушту

Башкы Жаңылыктар

Университеттеги бизнес-инкубатордун ачылышынын алкагында бизнес насаатчылар студенттердин көргөзмөсүнө күбө болушту

Image

STEM жана Искуство аталышындагы көргөзмө окуу жайдын  башкы имаратында коюлду.  Ага  Ош шаарындагы жана университеттеги интерьер дизайнерлердин 3D форматындагы эмгектери, колго тартылган сүрөттөр жана STEM инновациялык колледжинин студенттеринин автоунаа, курулуштагы заманбап үй, сууну озон менен байытуу сыяктуу макеттери коюлду.

Искутссво факультетинин  дизайнер студенттери көптөгөн кафе, ресторан, үйлөрдүн 3D форматындагы дизайнын иштеп чыгышкан. Ал эми STEM инновациялык колледжинин  студенттери өздөрү жасаган эмгектери жана колледждеги "STEM TRAVEl" аталышындагы туризм ийриминен  түзүлгөн команда өздөрүнүн турлары боюнча маалымат беришти.

“21-кылым жаңы технологиялардын, санариптештирүүнүн кылымы болгондуктан, буга чейинки шаблондуу иш аракеттер менен эмгектенген багыттагы кесиптер акырындап жоголот. Креативдүү ой жүгүртүп, акыл эмгегинен өндүрүлгөн иштер менен алектенгендер гана калат. Техника, технология, илим алдыга чыгып, өнүгөт. Мындан улам жаштарга ушул багыттарды тереңирээк өздөштүрүүсү зарыл экендигин сиңирүү максатында да ушул көргөзмөнү уюштурдук ”-дейт ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова.

 

Фото галерея