ОшМУда "Бабалар баскан ыйык жол" аттуу кереге кеңеш уюштурулду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда "Бабалар баскан ыйык жол" аттуу кереге кеңеш уюштурулду

Image

Кеңешме бүгүн, 28-мартта уюштурулуп, кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен башталды. 

Иш-чара өлкө башчынын "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган. Ага президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн, Ош мэриясынан жана шаардык билим берүү башкармалыгынан жетекчилер, өкүлдөр, мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты. 

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кеңешме президенттин жаңы кабыл алынган жарлыгын жайылтуу максатында өтүп жатканын айтты. 

"Мамлекет башчынын жарлыгын жайылтуу, практикалоо, өндүрүш менен байланыштыруу жана коомго чакырык жасоо максатында уюштурулуп жатат. Кереге кенеште окумуштууларыбыз мамлекеттик тил, улуттук идеялогия, экономика, кыргыз тарыхын өзүнө камтыган мазмундуу баяндамалары менен жалпы коомго чакырык жасашат. Биз коомду агартуучу катары президенттин жарлыгын жайылтууда угуучу эмес, жайылтуучу, коомго жеткирүүчү бололу", -деди Кожобеков.  

Кеңешмеде профессор Гулина Жамгырчиева "Манас" - адамзаттык баалуулуктардын уюткусу”, доцент Чыныхан Сатыбалдиева “Ааламдашуу шартындагы Кыргызстандагы маданий мурастарды сактоо жана туруктуулугун камсыздоо маселерлери", доцент Эрлан Камалов "Экономикалык өнүгүүнүн Уңгужолдогу милдеттери", доцент Динара Ызабекова "Элдик таалим-тарбия эрежелери - улутубуздун улуу кенчи" темаларында баяндама жасап, талкуулар уюштурулду. Жыйындын соңунда баяндамачыларга ыраазычылык каттар тапшырылды.

"Кереге кеңеш президенттин "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу жарлыгын жайылтуу максатында биринчилерден болуп уюштурулуп жатат. Бүгүн биз кеңешмеде өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан идеологиялык негиздерди жана стратегиялык багыттарды камтыган жарлыкты ишке ашыруу багытында жолубузду аныктаган маселелер боюнча пикир алыштык. Алдыда бул багытта дагы иштерибиз уланат",- деди ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова.

Президент Садыр Жапаров "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолун кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка 2024-жылдын 18-декабрында кол койгон. Документ өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан идеологиялык негиздерди жана стратегиялык багыттарды камтыйт. 

Документ менен бул жерден толук таанышса болот.

 

Фото галерея