
27-мартта Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук системасын укуктук жактан камсыздоого арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Анда ЖККУ өлкөлөрүнүн эксперттери жана парламентчилери 2030-жылга чейин аймактагы жамааттык коопсуздукту чыңдоо боюнча мыйзамдык базаны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты. Ошондой эле жамааттык коопсуздукту укуктук жактан колдоо жаатындагы акыркы тенденциялар боюнча маалымат алышты.
Аталган жыйынга ОшМУнун эксперттик жумушчу тобунун жетекчиси Байболот Абытов катышты. Ал окуу жай тарабынан сунушталып жаткан “Деструктивдүү идеологиялардын жаштарга тийгизген таасирин нейтралдаштыруу жөнүндөгү” моделдик мыйзам боюнча баяндама жасады. Документ уюмдун Парламенттик ассамблеясынын 2026-30-жылдардагы програмасына киргизилген.
Конференцияда катышуучулар коопсуздукка болгон заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды, ошондой эле уюмдун алкагында аларды жеңүү стратегияларын талкуулашты.
Эске салсак: 2024-жылдын 10-сентябрында ОшМУ менен ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.