ОшМУда кыргыз-өзбек достугуна арналган маданий-илимий иш-чара өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кыргыз-өзбек достугуна арналган маданий-илимий иш-чара өттү

Image

Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде «Тил жашаса — улут жашайт, улут жашайт — мамлекет жашайт» аттуу маданий-илимий иш-чара өттү. 

Ага  Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Азамат Болтаев, тышкы байланыштар боюнча проректор Курсантбек  Аттокуров, коңшу өлкөнүн бир катар ЖОЖдорунун  профессордук-окутуучулук курамы, студенттер  катышты.

Иш-чара «Түрк элдеринин интеграциясындагы Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгы: илим-билим, маданият жана искусство» аттуу эл аралык илимий семинар менен башталды. Анда кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхы, улуттук тилдердин өнүгүшү жана эки элдин руханий баалуулуктары тууралуу баяндамалар жасалды.Мындан тышкары, кыргыз жана өзбек тилдеринин тарыхый өнүгүшүнө арналган мастер-класстар уюштурулуп, эки элдин кол өнөрчүлүк көргөзмөсү тартууланды.

Салтанат «Эки элдин ыр-күүсү — бир дилдин күүсү» аттуу адабий-музыкалык программа менен уланды. Анда  ыр-күүлөр, бийлер жана мекенге арналган көркөм окуулар тартууланды.

Иш-чара Кыргызстан менен Өзбекстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына жана эки өлкөдө тең мамлекеттик тил макамынын берилгендигинин 37 жылдыгына арналып, ОшМУнун алдындагы Алишер Навои атындагы өзбек тили жана адабияты борбору тарабынан уюштурулду.

Фото галерея