“Жоогазын”  фестивалында ОшМУнун командасы жеңишке жетти

Башкы Жаңылыктар

“Жоогазын”  фестивалында ОшМУнун командасы жеңишке жетти

Image


26-27-28-март күндөрү Бишкекте Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган “Жоогазын” жарнама жана PR улуттук  фестивалы өттү. Анда жарнама жана PR ишмердүүлүгү боюнча дебат өтүп, Ош мамлекеттик уиниверситетинин командасы 1-орунду жеңип алышты.

Фестивалга Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын жогорку окуу жайларынан жалпы 15 команда катышты. Ал эми ОшМУдан Журналистика кафедрасынын студенттери барды. Аларды окутуучусу Гулзина Аматованын жетектеди.

“Илимий-практикалык конференцияда студенттерибиз мыкты баяндама жасап, биринчи жана үчүнчү даражадагы дипломдорго ээ болушту. Жыл сайын уюштурулган фестивалда студенттерибиз ийгилик жаратып келет”, -деди Аматова.

"Жоогазын" фестивалы 2017-жылдан тартып Кыргыз улуттук университети тарабынан уюштурулуп келет. Иш-чаранын максаты жарнама жана PR тармагында билим алып жаткан студенттерди иш берүүчүлөр менен байланыштыруу жана теориялык билимин практика жүзүндө ишке ашыруу болуп саналат.

Фото галерея