
Бүгүн, 3-апрелде Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев баштаган делегация Ош мамлекеттик университетинде болушту.
Иш-сапардын алкагында делегация ОшМУнун "Келечек муундун ХАБы" борборунда жайгашкан “Борбор Азия спутниктен талдоо жана аралыктан зонддоо”, “Борбор Азия критикалык минералдар инновациялык” борборлорунда болду. Анда алардын ишмердүүлүгү, илимий изилдөө багытында жасалып жаткан иштер менен таанышты. Окуу жайдын маалыматтык-коммуникациялык инфраструктурасын да жеринен көрүп, мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алышты.
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилери менен болгон жолугушууда унверситетте санариптештирүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, биргелешкен иш-аракеттер, кызматташуулар боюнча пикир алышты. Жыйындын алкагында билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар, академиялык мобилдүүлүк багыттарында эки тараптуу кызматташуу меморандуму жаңыланды.
“Бул иш-сапар ОшМУ менен Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган маанилүү кадам болду. Эки окуу жай өлкөдөгү Өзгөчө статус алган университеттердин катарын толуктайт. Бүгүн биз Кыргыз улуттук университетинен келген делегацияга ушул Өзгөчө статустун алкагында ОшМУда жасалып жаткан реформалык иштер тууралуу толук маалыматтарды бердик. Аларда жасалып жаткан иштер менен да тааныштык. Биргелешкен кызматташуулар аркылуу Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошуучу кадрларды даярдоого бир топ пландарды түздүк. Андан сырткары 12 жылдык билим берүү багытында да биргелешкен иш-аракеттерди жасалат”, -деди Кожобеков.
Жыйындын алкагында Кыргыз улуттук университетинин Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунан “Эл аралык укук” темасы боюнча квалификациясын жогорулаткан ОшМУнун 28 профессордук-окутуучулук курамына күбөлүктөр тапшырылды.
Ректор Догдурбек Чонтоев жылуу кабыл алган окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, учурда чет өлкөлөрдөгү жана өлкө аймагында мыкты жогорку окуу жайлардан тажрыйба алуу максатында ушундай иш сапарлар уюштурулуп жатат. Ал Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесинин алкагында жарык көргөн Жусуп Баласагындын беш томдук китебин окуу жайдын китепканасына белек кылды.
Күндүн экинчи бөлүгүндө делегация ОшМУнун “Ак-Буура” кампусунда жайгашкан медициналык клиника, Медицина, Эл аралык медицина факультеттеринде да болушат.
ОшМУ менен Кыргыз улуттук университети буга чейин да ички академиялык мобилдүүлүк, билим берүү, илим изилдөө багыттарында кызматташып келет.