
Өзбекстандын Ташкент жана Бухара шаарларындагы медицина институттарынан үч профессор жана Кыргызстандын стоматологдор ассоциациясынын президенти Абибилла Калбаев ОшМУнун медицина факультетине конок лекция окуганы келди.
Бүгүн, 4-апрелде профессорлор менен ректор Кудайберди Кожобеков жолукту. Алар алдыдагы кызматташуу багыттары, долбоорлор боюнча иштешүүнү сүйлөштү.
Коноктор студенттерге стоматологиянын терапия, ортопедия, хирургия, ортодонтия багыттары жана жаш балдардын стоматологиясы боюнча маалымат беришет. Ошондой эле мастер-класттарды өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Ал эми конок лекциянын жыйынтыгында профессорлор айкалыштыруучу катары Медицина факультетине жумушка кабыл алынып, студенттерге сабак беришет.
Коноктор ОшМУда эки күн болот. Бул аралыкта окуу жайдагы медицина факультеттери, клиника менен таанышат.