Эми IT багытында билим алган студенттер эл аралык компанияда иштей алат

Башкы Жаңылыктар

Эми IT багытында билим алган студенттер эл аралык компанияда иштей алат

Image

Эл аралык EPAM Кыргызстан айти компаниясы менен Ош мамлекеттик университети бир нече багыттар боюнча кызматташат. Бүгүн, 4-апрелде компаниянын жетекчиси Алмаз Чаначев ректор Кудайберди Кожобеков менен эки тараптуу келишимге кол койду. 

Документте IT тармагы боюнча биргеликте эл аралык долбоорлорду, жаңы программаларды түзүү, студенттерди практикадан өткөрүү жана жумуш менен камсыздоо каралган. Ошондой эле билим берүү, кесиптик өнүгүү чөйрөсүндө өнөктөштүк орнотууга багытталып, ар тараптуу жана туруктуу кызматташтыкты камсыз кылат.

EPAM Systems Inc 1993-жылы негизделип, АКШда жайгашкан ири IT-компания болуп эсептелет. Башкы кеңсеси Пенсильвания штатынын Ньютаун шаарында жайгашкан. Компаниянын 40тан ашуун өлкөдө кеңселери бар. Дүйнө жүзү боюнча 53 миңге жакын жаранды ишке тарткан. 

Ал эми EPAM Кыргызстан компаниясынын 200дөн ашуун кызматкери бар. Алдыда бул санды көбөйтүү үчүн айти багытынын мыкты бүтүрүүчүлөрүн жумушка тартуу мерчемделген. 

 

Фото галерея