Педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасынын башчысы Гулмира Жутанова баштаган окутуучулар өзбекстандык кесиптештерине билим берүүдөгү инновациялык ыкмалар боюнча тажрыйбаларын бөлүштү.
Алар Өзбекстанга Анжиян чет тилдер институтунда өткөн “Котормочуларды даярдоо жана чет тилдерин окутуунун заманбап ыкмаларын өнүктүрүү” аталышындагы эл аралык конференцияга барышкан. Анда окутуучулар тематикалык секцияларда баяндама жасашты.
Сапардын жүрүшүндө Педагогика кафедраларынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишими түзүлдү. Ошондой эле бул жааттагы актуалдуу маселелер боюнча кызуу талкуулар орун алды. Мындан сырткары ОшМунун Педагогика кафедрасынын окутуучулары Анжиян чет тилдер институтунун студенттери үчүн түрдүү темаларда мастер-класстарды өткөрүштү.
Бул иш сапар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө жана билим берүү процессинде заманбап методдорду өнүктүрүүгө багытталды.