
Ош мамлекеттик университетинин окуу-усулдук бирикмесинин координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны 8-апрелде болуп өттү. Анда окуу жай тарабынан иштелип чыккан 23 билим берүү стандарты талкууланды.
Анын ичинен 16сы жогорку кесиптик билим берүүнүн (бакалавриат, магистратура, адистик) багыттарына, калган жетөө орто кесиптик билим берүү адистиктерине тиешелүү.
Жыйындын жүрүшүндө кеңештин мүчөлөрү эксперт катары билим берүү стандарттарына сунуштарын берип, жакшыртуу жолдорун айтышты. Жыйынтыгында билим берүү стандарттарын бекитүү үчүн ОшМУнун Окумуштуулар кеңешине сунуштоо чечими кабыл алынды.
Онлайн форматта өткөн жыйынга окуу иштери боюнча проректор Руслан Арапбаев, окутуучулар, чет элдик жана жергиликтүү ЖОЖдордун өкүлдөрү, жумуш берүүчүлөр катышты. Жалпысынан координациялык кеңештин 22 мүчөсү болду.